www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте Ташкендеги зоопаркта үч жаштагы кызды аюунун капасына ыргытып жиберген окуянын видеосу пайда болду. Байкоочу камерага жазылып калган видеону RT Telegram каналы жарыялады.
Видеодон көрүнүп тургандай, зоопаркка келген аял кызын тосмонун ары жагына өткөрүп, бир саамдан кийин колун кое берген. Бул учурда бөбөк капастын ичине кулап түшүп, аюу дароо анын жанына чуркап барган. Көп өтпөй кадрдан зоопарк кызматкерлеринин чуркап келип кызды көтөрүп чыкканын көрүүгө болот. Дарыгерлердин айтымында, беш метрлик бийиктиктен кулаган бөбөк башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Абалы канааттандырарлык. Дарылануу акысын зоопарк өз мойнуна алганы маалым болду.
Ал эми аны ыргыткан аялга "өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Анын эмнеге мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.
Кавказдын күрөң аюусу Зузу 2017-жылы Ташкенге Бакы зоопаркынан алып келинген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды сүйүп, аяп карагандыктан ал агрессивдүү кадамга барбаганы айтылат.
Булак: NazarNews.kg