www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүкатары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБдин ыкчам кызматкерлери Баткен шаарындагы үйдө жергиликтүү жашоочу баңгизатты мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалыматты алышкан.

Аталган маалымат Баткен ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген жарандын өздүгүн такташкан. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон Баткен шаарынын жашоочусу 55 жаштагы А.Р. экендиги аныкталды. Жаран А.Р. уюшкан
кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Анын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 12-калибрлүү ок атуучу курал, 9 бирдик патрон, 45 грамм марихуана табылды.

Аныкталгандай, кармалган жаран опузап талап кылуу, ден соолукка атайылап оор зыйын келтирүү, бейбаштык жана башка беренелер боюнча он бир жолу соттолгон.

Азыркы учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости