www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, шаардагы көчөлөрдүн биринде күйөөсү токмоктоп жаткан келин тууралуу 30-январда түнкү саат 11лер чамасында кайрылуу түшкөн. Окуя болгон жерге барганда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тарткан. Учурда милиция бул окуяны териштирип-иликтөөнү улантып жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости