www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул инструменттер ишкерлерге жаңы долбоорлорду түзүүгө жана өнүктүрүүгө жана эл аралык рынокко чыгууга мүмкүндүк берет.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ал жакта акыркы жылдары жүздөгөн ири долбоорлор каржыланган. 

Алардын ичинде: автоклавдык газобетон чыгаруучу заводдун курулушу, кичи ГЭСтин курулушу, мектеп имаратынын курулушу, медициналык борбордун курулушун аяктоо жана жабдууларды сатып алуу. 

«Баткен облусу боюнча Фонд тарабынан жалпы суммасы $17,3 млн долларды түзгөн 124 долбоор каржыланган, анын ичинен түз каржылоонун алкагында: $13,2 млн долларга 6 долбоор, чакан жана орто бизнести максаттуу каржылоонун алкагында – $4,1 млн долларга 118 долбоор.

Бүгүнкү күндө фонд көп функциялуу мекеме жана инвестициялык долбоорлорду жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү кредиттөөдөн тышкары, бизнести колдоонун эффективдүү инструменттеринин кеңири спектрин сунуштайт. Бул инструменттер ишкерлерге жаңы долбоорлорду түзүүгө жана өнүктүрүүгө жана эл аралык рынокко чыгууга мүмкүндүк берет”, - деп баса белгиледи Артем Новиков. 

Эскерте кетсек, кечээ, 12-октябрда Баткен шаарында “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү” II инвестициялык форуму өткөн. Республиканын Министрлер Кабинетинде белгиленгендей, иш-чара жемиштүү болду. Анда $2,12 миллиард долларлык инвестициялык келишимдерге кол коюлган.

Последние новости