www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ аймактык бөлүктөрүнө жаңы унааларды тапшырды

Бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министрлигинде аймактык бөлүктөргө унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

"Chevrolet Monza" үлгүсүндөгү 16 унаа милициянын аймактык бөлүмдөрүнө, ал эми 7 унаа ИИМдин ЖКККББга, 2 медициналык тез жардам унаасы ИИМдин Ички аскерлерине жана Медициналык башкармалыгына берилип, жалпы 25 унаа тапшырылды.

ИИМдин имаратынын алдында жаңы кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу иш-чарасы болуп, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган унаалар бөлүнүп берилди.

Жаңы кызматтык унаалар бузууларга, жарандардын чакырууларына ыкчам аракеттерди көрүү үчүн арналган. Ички иштер органдарынын техникалык камсыздалуусунан көп учурда иштин жыйынтыгы дагы көз каранды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоону камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, сервистик тейлөөлөрдү аткаруу үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүн материалдык -техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жаңы кызматтык унаалар алыскы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арналгандыктан, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды ыкчам аткарууга мүмкүндүк берет.

Последние новости