www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чагылган тийип, 28 киши каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш жана Бихар аймактарында чагылган тйип 28 адам каза тапты. Бул тууралуу  milliyet.com.tr жазган.

Times of India маалымат порталы берген кабарга ылайык, жергиликтүү бийлик 28 кишинин өлүмүнө алып келген кырсык башка жакын аймактарда да байкалды. Метеорология департаменти кырчсык болуп өткөн аймактарда жаан-чачындуу аба-ырайынын дагы 3-4 күнгө созулаарын эскертти.

Бихар жана Уттар-Прадаш провинцияларында жашаган малчы, жумушчу жана дыйкандардан турган 400гө жакын киши март-июль айларынын ортосунда дал ушундай чагылгандын кесепетинен каза болгон.

Түштүк Азияда июнь-сентябрь айларына тиешелүүү жаан-чачындуу аба-ырайы ар жыл сайын түрдүү кырсыктар менен коштолот. Индияда ар жылы болжол менен 2 миңге жакын киши чагылган тийип каза болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости