www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 21 жаштагы кыргызстандык жигит өзүнүн жетекчисин өлтүргөнгө айыпталууда. Бул тууралуу «Gulf News» басылмасы жазды.

Кыргызстандык жигит Аль-Квоз кварталындагы гаражда иштечү. Айыптоочу тараптын маалыматына караганда, ушул жылдын июнь айында шектүү жетекчисинен мекенине учуп кетүүгө уруксат сураган. Бирок жетекчиси учуп кете турган күнгө макул болгон эмес, бул ортодогу чырга себеп болгон. Жетекчи кыргызстандык жигитти жумуштан бошотуп, иш ордунан кетүүнү талап кылган. Бул айыпталуучунун жинин келтирген.

Сурак учурунда шектүү, жумуштагы кесиптештери кеткенче күтүп, андан кийин эшикти бекитип, бычакты алып, жумуш берүүчүнүн мойнун кесип салганын айткан. Жабырлануучунун дагы деле дем алып жатканын көрүп, бетин балка менен жанчып салган. Медициналык экспертиза маркумдун башына 6 жолу сокку урулуп, бети 13 жерден кесилгенин аныктаган.

Ал эми канжалаган жансыз денени 20 мүнөткө дүкөнгө барып келген башка жумушчулар табышкан.

«Айыпталуучу жок болуп, маркумдун сөөгү стол менен жабылган болчу. Мен канга боелгон чоң бычак таап алдым. Окуяга чейин бир күн мурун айыпталуучу жумуштагы видеокамералар тууралуу жана алардын иштеп же иштебей турганын сураган», - деди жумушчулардын бири.

Анын айтымында, маркум менен акыркы жолу жолугушкан адам дагы кыргызстандык жаран болгон. Бирок аны дароо кармоого мүмкүн болбой, шектүү таптырбай кеткен.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал дароо өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү максатында аэропортко барган. Бирок учак каттамы жок болуп, кийинки күнү өлкөсүнө кайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен консулдукка барган. Бирок окуя тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Кыргызстандын шектүү жараны элчиликтин өкүлчүлүгүнүн жанынан кармалып, атайлап адам өлтүргөн деген айып тагылды. Кийинки соттук отурум 4-октябрга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости