www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депрессиядан кутулуунун эффективдүү жолдору

Барган сайын санариптешип, тездик менен өнүккөн технологиянын таасиринде калган жашообуз түрдүү оорулар менен дагы коштолуп келет. Стресске кирип, көп чарчап, спорт менен алектенбей туура эмес тамактанган сайын психологиялык ооруларга көбүрөөк чалдыгабыз. Модерн замандын оорусу катары билинген депрессия, учурда жашообуздун сапатын төмөндөткөн орчундуу оорулардын бири. Бирок, андан кутулууга болот. Төмөндө андан кутулуунун жолдорун тизмелеп көрдүк

Өзүңүздү кандай болсоңуз, ошондой кабыл алып, жеңээриңизге ишениңиз

Күрөштү жеңүү үчүн алгач өзүңүз жөнүндөгү сезим, ойлорду карап чыгыңыз. Азыркы абалдын өнөкөткө айлантып кетүүсүнө жол бербей, бактылуу болооруңузга ишениңиз. Өзүңүздү жана болуп өткөндөрдү болгонундай кабылдаңыз.

Депрессия айлампа сыяктуу 

Эмоциядан улам кылып жаткан нерселерден бат тажап, жаныңыздын сыгылышы нормалдуу көрүнүш. Бирок, бул өтүп кетүүчү нерсе. Ошондуктан, бираз сабыр кылуу керек. Мындай абалда өзүңүздү колго алып, көбүрөөк жылмайып турууга аракет кылыңыз.

Жакындарыңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн

Күтүүсүз ачууланып, баарынан тажап турган кездер көбүнчө айланабыздагы адамдарга терс таасир берет. Мындай абалды туура башкара билүү менен көп көйгөйлөрдүн алдын алууга болот.

D витаминен баш тартпаңыз

Адистердин айтымында D витаминин жетишсиздиги адамдагы депрессия симптомдорун көбөйтөт. Туура эмес тамактануу же D витамини жетишпеген азыктар менен тамактануу депрессия менен күрөшүүдө тоскоолдуктарды жаратат. Ошондуктан, аталган витаминге бай азыктар менен тамактанганды адатка айлантыңыз.

Жетиштүү уйку

Көп чарчоо уйкуңуздун сапатын төмөндөтүшү мүмкүн. Ал эми уйку сапатынын начарлашы депрессияны чакырат. Мындай абалдан таптакыр кутулуу үчүн күнүнө 7-8 саат уктоо зарыл.

Көбүрөөк кыймыл

Дайыма жабык чөйрөдө иштөө же жашоонун өзгөрмөсүз бир калыпта пассивдүү өтүшү сизди моралдык жактан алсыз кыла баштайт. Мунун алдын алуу үчүн көбүрөөк кыймылдаганга аракет кылып, жөө басканды көндүмгө айлантыңыз. Сизди көп кыйнабаган көнүгүүлөрдү аткарып туруңуз.

Өткөнгө өкүнбөш керек

Болуп өткөн окуялардан айрым элестөөлөр тынымсыз эсибизге келип, кетпей туруп алат. Бирок, мунун кандай күн болбосун өтүп кеткени, кайра кайтпай тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз. Анткени өткөндү эстеп, капалануу акырындык менен депрессияны пайда кылат.

Максаттарыңызга көз чаптырыңыз

Депрессияда болсоңуз, бир убактарда кылып жүргөн аракеттер сизди куткарышы мүмкүн. Сизди кыйнабай турган, аткарууга оңой максаттарды белгилеңиз. Аларды ишке ашыруу сизди мурункудай толкундантып, эски абалыңызга кайтууга жардам берет.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости