www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйүнүн үстү жагында учуп бараткан самолетту атып...

Россиядагы Солнечногорск шаарынын Шевлино айылы аймагында бир пилот жеңил мотордуу учак менен учуп баратса, 57 жаштагы бир киши мылтыгы менен толтура жолу аткан.

Учак үйүнүн үстү жагында учканын айткан киши тарабынан атылган октор абадагы учактын бардык бөлүгүнө тийген. Моторго жакын бөлүккө тийген октон улам пилот учакты айылдагы бир талаага кондурууга аракет кылып, тиешелүү жакка маалымат бергенче учак жерге катуу конуп калган. Пилоттун аракетинен улам учак кулабай конуп, айылга атайын куткаруучу топ жиберилген.

Россия Тергөө комитетинин Аймактык-транспорттук иликтөө башкармалыгынын басма сөз катчысы Елена Марковская болуп өткөн окуя тууралуу билдирүүсүндө учактын жерге 100 метр бийиктикте учуп бара жаткан учурда мылтык менен атылган окко дуушар болгонун жана аткан кишинин колго түшүрүлгөнүн айтты. Муну менен катар, учактын катуу күч менен конуп, көп ок тийген үчүн бузулганын, ошондой эле бул абалда пилотко ок тийбегени жакшы жетишкендик экенин белгиледи.

Сөз болуп жаткан Piper PA-28 Cherokee түр учактын талаадан алынып, ангарга киргизилээри, аймактык полиция кызматы тарабынан оуяга байланыштуу тергөө иштери башталганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости