www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада атайын даярдыктагы тез арада аракетке келүүчү отряд шаарда кылмыш жасоого даярданып жаткан жети кишини кармады. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматы маалымдады.

Ведомство атайын даярдыктагы аскерлер шектүүлөр жашынып жаткан көп кабаттуу үйдүн батирине кирип барып, колго түшүргөн видеону жарыялады. Алардын жанынан курал, ок-дарылар жана тыюу салынган буюмдар табылган.

Билдирүүдө жетөөнүн Бишкекке кылмыш жасоо ниети менен жашыруун келгени айтылды. Ыкчам иш алып барган тартип сактоочулар жашырынып жүргөн бул кишилердин изине түшкөн.

Ал эми кармалгандардын ичинен үчөө баңгизаттарын мыйзамсыз сактаганы, каракчылык иштерин жасап жана алдамчылык кылганы үчүн мурда соттолгондор болуп чыккан. Алардын курагы 20-35 жаштын ортосунда.

"Мындан сырткары, уурулук жасап жана жүк ташуучу ири автоунааларды тоноого катыштыгы бар деп шектелген маалымат түшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.

"Кармалгандар Бишкек шаардык ИИББдин тергөө абагына киргизилген. Алар жашынып жаткан батирди тинтүү учурунда номери өчүрүлгөн Калашников автоматын (75 огу менен эки магазин), жыйырма огу менен ТОЗ-8 мылтыгын, номери өчүрүлгөн травматикалык ФОРТ-12Р тапанчасын (14 ок жана эки магазини менен) табышкан. Булардан сырткары эки рация жана кол телефон чыккан" - деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости