www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин айлыгы жылдан жылга көбөйүп келе жатканына карабай, дагы деле өлкөдөгү орточо айлыктан төмөн бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат. 

Орто жана чакан ишканаларда жалпысынан 107,8 миң кыргызстандык эмгектенет.

"Аталган тармакта айлык акырындан өсүп отуруп, былтыр орто эсеп менен 12 712 сомго жеткен (2015-жылы бул көрсөткүч 9 542 сом эле). Бирок дагы деле өлкөдөгү орточо айлыктан (17 232 сом) төмөн болуп келет", — деп айтылат отчётто. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2019-жылы орто жана чакан ишканалардын саны 17 миңге жеткен. Алардын 26 пайыздан ашыгы дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо менен алектенсе, 15,2 пайызы өндүрүш тармагында иш алып барат. 11,9 пайызы курулуш иштерин аткарат.

Орто жана чакан ишканаларда жалпысынан 107,8 миң кыргызстандык эмгектенип келет. 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости