www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында никеге туруу максатында адам уурдоого шектелген жаран аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 23:40 чамасында «102» кызматына эркине каршы кызды ала качып кетишкен деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин эркине каршы чала тааныш жаран достору менен Ысык-Көлдөн никеге туруу максатында Бишкек шаарына ала качып келгенин жазган.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости