www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Илимдер академиясынын Геномика жана биоинформатика борборунун адистери COVID-19 вирусунун геномдорун толугу менен изилдеп чыгып, биоинформатикалык анализ жүргүзүштү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Иликтөөнүн жыйынтыгы коронавирустун геномдору боюнча маалымат базасы болуп эсептелген GISAID сайтына каттоого алынганы айтылат.

Билдирүүгө караганда, Өзбекстан өз аймагындагы коронавирустун бардык түрлөрүнүн ДНКсын толугу менен иликтеп чыккан 50 өлкөнүн катарына кирди.

«Вирустун геномдорун толугу менен билүү анын кайда пайда болуп, кандай мутацияга учураганын аныктоого жардам берет. Ал эми бул нерсенин улуттук вакцинаны иштеп чыгууда ролу чоң», - деп айтылат билдирүүдө.

Джон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун маалыматына караганда, ушул тапта дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 131 миллиондон ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости