www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аскар Акаев 15 жыл президент болуп отуруп, чек ара маселесин чечкен эмес”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--“Мен азыркы президент Садыр Жапаровду, бийлик өкүлдөрүн элдин тагдырын, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлобой калды дегенден алысмын. Себеби, Жапаров жана азыр иштеп жаткан адамдар жашоодо ысык-суукту көрүштү, ар кандай тагдырга дуушар болушту. 50дөн өтүп, ак-караны айырмалап, мурдагы президенттердин катасын көрүп, алардан сабак алышты деп ойлойм. Мурдагы өлкө башчыларынын кемчиликтери баарыбызга эле сабак болду. Көз жумуп койо албайбыз. Мисалы, Аскар Акаевдин чоң катасынын бири чек араларды тактабай койгону. Мына Өзбекстан, Казакстан чек араларын тактап, бекемдеп алышкан. 15 жыл президент болуп отурду. Ушунча жыл чек ара маселесин чечпей эмне кылып отурду? Тилекке каршы жакшы натыйжа кылбаптыр. Акаевдин кечирилгис катасы ушул”, - деди Талиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости