www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чалкандын ден-соолукка кандай пайдасы бар?

Чалкандын составында кумурска кислотасы, дубилдик заттар, жалбырагында А,С,К витаминдери бар. Жалбырагына караганда тамырынын дарылык касиети күчтүү. Чалкандын составында 22% пропин, 7% белок, 2% май, 35% клетчатка, 22% азотсуз экстрактивдуу заттар, аскорбин кислотасы, крахмал, сахар, темир жана калий бар.

Чалкан кан токтотуучу өсүмдүк:

Заара айдаганга;

Суук өткөнгө;

Какырык чыгарганга;

Кан түкүрүп калганга;

Лихорадкага жардам берет.

Малярия болгонго 1 чоң кашык талкаланган чалкандын тамырына 1 кичине кашык чесноктун талкаланганын кошуп, үстүнө 500 мл арак куюп, бир жумадан кийин бир күндө 3 маал тамакка чейин 1ст.л ичет.

Денеге сүртсө да болот. Ушул эле тунманы мурундан, жатындан аккан канды токтотууга, поноско, айыздын келүүсү бузулганда, ичеги карын ооруларына пайдаланса болот.

Муун ооруларына, ревматизмге, радикулитке, судорогго сүртсө жакшы жардам берет. Чачтын түшүүсүнө чалкандын жалбырагын сууга кайнатып,

башты жууш керек. Импотенцияны көтөрүү үчүн чалкандын уругунан 1ст.л алып 2 даана бананды эзип, аралаштырып жеш керек. 1 күндө 1 жолу 7 күн жеп 20 күн эс алып, кайра кайталап койсо болот.

2 ст.л сары майга бир баш пиязды, эки жумуртканы кууруп 1 кичине кашык чалкандын кургатылган жалбырагынан майдалап кошуп жесе эркектердин бел күчүнө жакшы болот.

Внематочный беременность болгондо 1-2 гр чалкандын уругун 200гр сууга кайнатып жылуу ичүү керек. Жаш жалбырагын салатка, борщко аз санда кошуп жесе болот.

Чалканды боюнда бар аялдар, эмчек эмизген аялдарга, каны коюуларга, кан басымы жогоруларга колдонууга болбойт.

Дарыгер Ташбү Каразакова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости