www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прапорщик тарабынан сабалган ӨКМдин жоокери Бекзат Эсенбеков ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун жакындары билдирди.

Учурда аскер кызматкеринин абалы орточо оор деп бааланууда.

«Бекзат Эсенбеков оорукандан чыкты, ал учурда туугандарында. Ата-энеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен компенсация алышкан эмес. Бөлүм дары-дармектерге гана акча берүүдө», - деп билдиришти.

Эске салсак, 31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Окуя жакындарынан жашырылган. Жабырлануучуну окуя боюнча кимдир бирөөгө айтса, аскер билетин бербейбиз деп коркутушкан. Туугандарынын айтымында, ал сегиз ай бою кордук көргөн.

Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерге чакырылган жоокерин сабап салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аскерге чакырылган жоокерди сабаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулу убактылуу жайга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости