www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт» демекчи, Жаныш Рустенбеков кайсы бийлик болбосун кызматтан түшпөй, улам келген президенттерге кошомат кылуу менен кара жанын бапестеп келет.
Акаев бийлигинен бүгүнкү күнгө чейин аттан түшсө да ээрге жармашып, «майлуу устукандын» үстүндө. Учурда Кыргызстандын Тажикстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси. Канча убакыттан бери эки өлкөнүн ортосунда чыр-чатактар орун алып, мекендештерибиздин укугу тебеленип, атургай атылып, камалып жаткан окуяларга күбөбүз.
Элчи катары Жаныш Рустенбеков үн чыгарып, кыргыздардын таламын талашып, дипломатиялык алкакта өз вазийпасын аткарганын көрө элекпиз. Же Тажикстандын бийлигине сатылып кеткенби? Кара курсагы тойсо, чанач сымалындай семирсе, жеке өзү комфортто жүрсө болду экен да. Мындай элчинин ишмердигине калыс баа берилип, эмне үчүн кызматынан алынбайт?
Кылган жакшылыгы жок качанкыга чейин мамлекеттин эсебинен тайраңдайт? Быйыл 73түн тамагын ичип жатыптыр, акылына келип, жаштарга орун бошотуу менен кетип калбайбы? Өмүр бою «дүжүрлүк» менен жан сактаган «акшакалдык арбайына тамам коюлабы? Айтор, суроолор көп! Кайран киши аксакал болбой калды го...
Булак: Азия News гезити