www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлиги чакан атомдук электр станцияларын куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу "Росатомдун" расмий сайтында кабарланды.
Кол коюу 20-январда Дубайда өтүп жаткан ЭКСПО-2020 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында болгон. Анда орусиялык аз кубаттуу өзөктүк технологиялардын бет ачары өтүп жатат.
Орусиялык компаниянын маалыматы боюнча, меморандумга корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев жана Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев кол койгон. Анын алкагында Кыргызстандын аймагында RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылууда.
"Кыргызстанда мындай атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө таасир этет", - деген "Росатомдун" башкы директору Алексей Лихачев.
"Росатомдун" сайтында Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Кыргызстан "декарбонизация жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү учурдун глобалдык тенденциясы болуп саналарын жана Кыргызстан андан четте калгысы келбейт" деп билдиргени айтылат.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги "Росатом" менен кол коюлган документ боюнча комментарий бере элек.
Булак: NazarNews.kg