www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик тарабынан чандырга тебилген Иса Өмүркулов, оппозицияга өтөм деп шимшилей баштады. Укканыбызга караганда ал мурун жамандап жүргөн Туй аке менен мамилесин оңдоп, бийликке каршы аракеттерде аны менен бирге болмокчу. Бирок эмнеге жасакер Иса Өмүркулов эки тарапта тең ойноп жатат. Ал дайыма бийликтин камчысын чаап келген. Айрыкча Роза Отунбаев тарабынан Бишкекке мэр кызматын алган соң. Досу Алмазбек башынан сылап бир топко чейин Бишкектин сүтүн эмизип турду. Бирок баласын чалчаңдатып Иса Өмүркулов өзү жакшы жашоону бузду. Баласы элди кумурскадай тебелей баштаганда Атамбаев мэрден алып туруп аны каматууну көздөдү. Бирок Беш-Күңгөйдөгү дача керекке жарады. Алмазбек досун алып барып ой-да жыргатты, аны «мышык» кылып, өзү «чычкандын» ролун аткарып берди. Ушундан соң досу СДПКнын «эки тизгин бир чылбырын» маркум Чыныбай Турсунбековдун колунан алып берди. СДПКдагы эң таасирдүү адамга айланганы менен Жээнбеков келер менен досу Атамбаевди сатты.

Мына элди мактаса, бир Исаке мактасын. Ал Атамбаев досу менен Беш-Күңгөйдөгү дачасына даң салып жүрүп, досун «Журт атасы» деп мактап чыккан. Ал кызматтан түшөр менен «Курт атасы» деп аны мазактаганга өткөн. Алтынчы парламентте Чүй аймагынын кадрларын СДПК фракциясынын атка минери Иса Өмүркулов тейлеп келди. Ошондуктан, Чүй аймагында аким болгондордун ыйкы-тыйкысы көп. Чүй аймагына кандай адамдар аким болуп келет? Алсак, Иса Өмүркулов жакын тууганын туулган күнүнө майрамдап барат. Жүз граммдан ой-да бастырган соң Иса Өмүркуловдун ичи ысып кетет да Ысык-Атанын акимдигин жакын тууганынын туулган күнүнө “падарить” этип койот. “Иса Өмүркуловдун уулу буга чейин да жол кырсыгына себепчи болгон. Анда 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги Бишкек-Торугарт унаа жолунан айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү), ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, "Ауди" үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши ачылып, акырында экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген. Трагедияга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган.

Андан кийин депутат Иса Өмүркулов уулу  Токтоналиев менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен велосипедченди сүзүп кетүүгө шектелип жатканын жазышкан. Ошондой эле айдоочунун канынан баңгизат табылганын да маалымдашкан. Иса Өмүркуловдун айтымында, окуя анча коркунучтуу болгон эмес: «Баары жакшы. Эч кимди тепселеп, сүзүп кеткен жок. Мага жеткен маалыматтар боюнча, уулум жол чырактын жашыл белгиси өчөрдө солго бурулган. Бул учурда велосипед тепкен киши жөө адамдар баскан чийинден өтүп кетүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында уулумдун унаасы велосипеддин канатына тийген», - деп актанган  Өмүркулов. ЖМКлардын жазганы боюнча, ал катуу ылдамдык менен баратып каршы тилкеге чыгып кеткен. Белгилүү болгондой, кырсык борбор калаанын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз ооруканага жеткирилди.

Депутаттар үчүн көчөдөгү элди тебелеп –кетиш кумар оюну сыяктуу болуп калды. Мыйзам чыгарган депутаттар Кылмыш-Жаза кодексин тоготпушпайт. Бул мыйзам алар үчүн жазылган эмес, эл үчүн гана жазылган. Иса Өмүркуловдун баласы элди кумурскадай тебелеп көнүп деле калдык. Депутат Аалы Карашевдин бир кездеги губернатор атасы Азим Карашев аксакал башы менен киши тебелеп жаза тартпай жүрөт. Азим Карашев кайын агасы Усубалиевдин тушунда учкан куштай делбелектеп жүрүп Өзгөндү тейлеп калган. Акаевдин заманында Тогуз-Торо районун жетектеп, “Макмалалтындын” алтындарын өзү калагандай билчү, керек учурларда Акаевдин учагы менен Швейцарияга ташып кетчү. Ал уулу Аалыны балмуздак берип чоңойтуп жүрүп айтылуу акаевчил ичип-жегич Чолпон Баекованын сиңдисине үйлөнткөндө, алтындарын чачып Исанова көчөсүнө заңгыраган хансарайларды салдырып берген дешет. Хансарайлары өздөрүнө буюрсун, кийин Аалы Карашев хамалеончо терисин алмаштырып ким бийликке келсе, ошонун көчүгүн жыттап жүргөндө пенсионер Азим Карашев көчөдө кетип бара жаткан адамды тебелеп кетип, чымын чаккандай да көргөн жок.

Иса Өмүркуловдун баласын өткөндө жандосу Алмазбек Атамбаев президент болуп кылмыш жоопкерчилигинен кутказып калган. Иса Өмүркулов Атамбаевдин “истеблишменти” убакта жандосуна бакадай чардап берип, изин суутпай Беш-Күңгөйдөгү дачада стакан кагышып турган. Атамбаевдин жүгү оорлой баштаганда Исакебиз “журт атасына” бара турган чыйырлардын изин суутуп, ага жасаган мамилесин 180 градус буруп, журт атасын курт атасына бурган. Атамбаев камалган соң жандосун жамандаса тилинен кара түтүн чыгат. Иса Шейшенкулович Сооронбай Жээнбековдун “истеблишменти” убагында албан таасирлерге ээ болуп, каалаган күнү акимдикти каалаган адамына туулган күнүнө “подарить” этип коюп, бул бийликтин “номенклатуралык” эрежесин бузуп жүрдү. Эмне акимдик кызмат туулган күнгө ыроологондой көйнөк беле? Иса Өмүркулов чүйлүк солто эмес, чүйлүк сарбагыш да эмес, түбү Жумгалдан келген саяк. Бирок Чүйдүн акимдерин каалашынча билип, каалашынча соруп келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости