www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 кишини издөө үчүн 20 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгынан билдиришти.

Жарандарды издөө иштерин Өзгөчө кырдаал министри Бообек Ажикеев өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү жетекчилерге тапшымасын берген. «Бүгүн 17-октябрда алдын ала маалымат боюнча кар көчкүдө калган 6 жаранды издөөгө ӨКМДин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурашовдун жетекчилигинде Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 1, Чаткал райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 1 куткаруу тобу тартылды. Жалпысынан 20 куткаруучу чыгууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну, 1 кытайлык жаран тоого өсүмдүк тамырын тергени чыгышып, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 16-октябрь күнү түшкөн. Чаткал райондук Өзөчө кырдаалдар бөлүмү жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрь күнү дайынсыз болгон 2 жаран Коргон-Сай айылына жакын жерден, 6 жаран Кум-Бел ашуусунан ашкан жерден аман-эсен табылган. Табылган жарандардын билдирүүсүндө, 14-октябрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында калган 6 жаранды Ак-Сай ашуусунда кар көчкү басып калган«,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости