www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында — Бедел, Ыштак, Кара-Сай айылдарында жер титирөөнүн күчү — 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга чейин сезилген.

Последние новости