www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тоноочу" аталышындагы рейддик алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыштардын ар кандай түрлөрүн алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында ички иштер органдары тарабынан үзгүлтүксүз негизде алдын алуу мүнөздөгү иш-чаралар жүргүзүлүп турат. 

Ички иштер министрлигинин уюштуруу иш-чараларынын планына ылайык, кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында 2024-жылдын 16-октябрынан 17-октябрына чейин республиканын аймагында “Тоноочу” аталыштагы рейддик ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Буга байланыштуу, ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларынын деталдаштырылган планы иштелип чыгып, күч жана каражаттар эсептелген. 

 Бул иш-чараны уюштуруу ИИМдин Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгына жүктөлгөн. 

Алдын алуу мүнөзүндөгү чаралар, анын ичинде кылмыш жасоо ыктымалдуулугу жогору болгон аймактарды жана жерлерди, талап-тонолгон буюмдарды сатууга мүмкүн болгон жерлерди изилдөө боюнча чаралар көрүлүүдө. 

Аталган рейддик алдын алуу иш-чараларга ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрү тартылган.

Кеңири мааниде алганда кылмыштуулукту алдын алуу жарандарды коргоо деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, инсанды, коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоо боюнча чараларды билдирет.

Мындан тышкары, кылмыштуулукту алдын алуу бул мамлекеттик органдардын укук бузууларга жол бербөө боюнча системалуу иши, коомдун айрым мүчөлөрүн алар тарабынан укукка каршы жосундарды жасоодон сактоого багытталган маалыматтык мүнөздөгү чаралар катары түшүнүү керек.      

Последние новости