www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы шыбы урап түшкөн А.Чымканаев орто мектеби эки корпустан турат. Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи корпус 1958-жылы курулса, экинчи корпус 1968-жылы курулган. Биринчи корпсустун имараты алгач мектеп үчүн эмес, кен иштеткен жумушчуларга жатакана катары курулуп, кийин мектепке берилген. Шыбы ураган корпустун дубалы саман-ылай менен сокмо ыкмада курулган.

“Авариялык абалга кептелген класстын окуучуларынын жана мугалимдин саламаттыгын бир сыйра текшерүүдөн өткөрүү максатында Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөн. Бул имарат көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес жана авариялык деп дагы эсептелинген эмес”, - деп айтылат маалыматта.

А.Чымканаев орто мектебинде бүгүнкү күндө 361 окуучу билим алууда жана 36 мугалим эмгектенүүдө. Учурда окуунун жүрүшү экинчи корпуста улантылууда.

Эскертке кетсек, Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости