www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-майда, Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдына Алымкадыр Бейшеналиевди колдогондор чогулду. Алар министрди колдоо зарылдыгын, ал коррупция менен күрөшүп баштаганын, кызыкдар тараптар аны кызматтан кетирүү аракетин көрүп жатканын айтышууда.
“Министрди мындай кара пиар менен иштен алуу жосунсуз. Мен бул кишинин бардык жасаган иштерин туура деп айтуудан алысмын, бирок ал жасаган реформалары аянына чыгышы керек”,- деди акциянын уюштуруучуларынын бири Атай Бейшенбек.
Эске салсак, саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары 16-майдагы маалымат жыйында өлкө бийлигине кайрылуу жасап, Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнгөн.
Министр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эки жолу суракка алганын 16-майда айткан. Азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын билдирген.
УКМК Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын маалымдаган.
Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg