www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бийик жолугушуусу болуп өттү, анда, негизинен, 30 жыл мурда, 1992-жылы, келишимге кол коюлганы жана мындан 20 жыл мурда – 2002-жылы – ал келишимдин негизинде уюм түзүлгөнү тууралуу сөз болду, ал эми дээрлик 3 айдан бери Украинада жүрүп жаткан согуш тууралуу ачык эч нерсе айтылган жок.

Бул жагынан алганда, кечээ күнкү саммит – былтыр 29-апрелде Дүйшөмбү шаарында өткөн ушул эле уюмдун коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйынына окшош. Дал ошол күнү Тажикстандын өкмөттүк аскери мамлекеттик чек араны бузуп, Кыргызстанга кол салган, бирок жыйында ал тууралуу эч ким унчуккан эмес.

Андан кийин – ЖККУ сырттан түзүлгөн коркунучтарга гана каршы багытталат, уюмга мүчө мамлекеттер арасындагы маселелерди карабайт деп айтылган. Бирок мына, азыр, сырткы согуш болуп жатат жана Москва – ага каршы Украина гана эмес, НАТО жана деги эле бүткүл Батыш коркунуч түзүп жатат дейт, бирок саммитте ал тууралуу ачык талкуу болгон жок. Чындыгында болсо, жыйынга келген президенттердин маанайы Москваныкынан бир кыйла айырмалангандай.

Последние новости