www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең мененки уйкудан ойгонуу - өмүрдүн уландысы...

Балага байланыштуу жүрүш-туруштар

Баланын адеп башаты. Эртең мененки уйкудан ойгонуу - өмүрдүн уландысы. Туруу жана төшөктү жыйноо, тирилик-кыймыл башталат, жанданат. «Күн чыкканча турган адам ырыска шерик» - дейт кыргыздар.

Бала ойгоноору менен ирээттүү коюлган кийимдерин алып кийинет. Адатта, жатаарда көйнөктү баш тарапка, шымды аяк тарапка чечет. Сырт кийимдер илгичке илинет, же баспай турган орунга коюлат.

Боз үйдө кереге баштарына кыстарылат. Төшөнчүнү бала өзү жыйнайт. Мында төшөнчүнү жыйышта же керебетке ирээттеп салышта төшөнчүнүн башын, жаздыгын баспайт. Төшөктү салуу да ушундай жол-жобо кайталанат.

Жууну-жүз чаюу. Мунун ар кандай шарттары бар. Эгер агып жаткан сууга жуунса, эптүү олтуруп, «бысмылла» - деп, абалы оң колун сууга малат. Анан сол колун салат, самынды көбүртуп алат. Оң-сол кол менен шапшыбай, акырын жуунат.

Сууну ууртап оозду чайкоодо, чайкандыны кайра аккан сууга төкпөйт. Оозуна толо ууртап, ошону кайра ооздон куюп, бетин-колун жуубайт. Оозду уч жолу чайкайт.

Мурунга суу жүгүртүп чимкирет, кыскасы, агын сууга какырбайт да, чимкирбейт. «Арыктагы сууга какырба да, түкүрбө». Бул аш куйган аякка, алдыдагы ашка түкүрүү менен барабар. Чоргодон жуунабызбы, агын сууга жуунабызбы.

Тишти таза алып жүрүү үчүн, порошокту, тиш щетканы пайдаланганда сыйдалык зарыл. Булар күндөлүк турмушта тазалыкка өтө керек. Кыздар чачтарын эки же бир өрүм кылат. Албетте, абалы эжелери, энелери жардам беришет. Тыкан өрүлгөн чачка жибек тасма укмуштай жарашык берет.

Тамактануу. «Бысмылла» деп, мурун нанды четинен сындырып, ооз тийет. Анан буюруган тамакты ичип, тойгондон кийин өзүнчө бата тилейт. Тамак даярдап берүүчүгө ыракматын айтат. Шарттуу кийимдерин кийип, көчөгө чыгат да, мектебине кадам шилтейт.

Көчө жана айыл тартибин сактоо. Көчө ичиндеби, адамдар арасындабы, бир-эки адам коңшу олтуруудабы, топ балдар мектебине баратабы, же ойноп жатышабы, тартиби-тазалыгы, кичи пейилдиги жанында болуу керек.

Жолдон карылар жолугат. Аларга жазбай «Атсалоому алейкум» - деп, салам айтат. Кимдер болсо да, «Алейкума атсалам» - деген жооп алат. Бала түз барып, таанышы, жакыны жолукса, кол берген учуру болот.

Улуулар да кол берет. Баланы алар колунан, бетинен өбүшү мүмкүн. Көчө ичинде, айыл ичинде, жол боюбу, коомдук орундарга киреби, көпчүлүктүн көз элегинде турат. Мында окуучу өзүн-өзү талаптагыдай адептүү, сылык сыпаа, таза алып жүрөт.

Көчөдөн бирөөлөр бирдемелерин көтөрө албай, же көтөртүүгө адам чыкпай турган учуру болот. Анын кары-жашына карабай, ага барып, колунан келишинче жардам беришет, көтөрүшөт.

Айрымдарын үйүнө жеткизишет. Батасын алат. Коомдук жайларда, мисалы, топ балдар көчөдө баратып, же айыл ичинде жүрүп, бирин-бири таш, топурак, кар еңдүүлөр менен ургуласа, тепкилеп футбол кылып, суу чачып, сөгүнүп-сагынып, башкаларды көзгө илбей ойношсо, күрөшсө алышса-жулушса, бири-бирин тоо басты кылышса, кийимдерин тытышса, арийне, бул өтө олдоксон көрүнөт.

Көргөндөр: «Кимдин балдары» - деп, жактырышпайт. Тентектерди эл жапырт жаман көрөт. Үйдөн ата-энелери, көчөдөн көпчүлүк, мектептен мугалим, тарбиячылар акыл айтып, оң жолго баштап, көзөмөлгө алышат.

Балдар жана кыздар. Сылык мамиле кылууда улууларды сиз, сиздер, өзүңүз, өзүңүздөр, акелер, үкөлөр-иникелер деп кайрылат. Жолдошторго, теңтуштарга сен, силер, өзүңөр, өзүң, алар, тиги, бул өндүү кайрылуулар да боло берет.

Улуулар тууралуу мамиле болуп жатканда, мисалы, Турсунай эже, же эжеке, же Сүйүмкан тайэже, Уланбек байке, же ава, же аке, же байке, Бообек ата, же чоң ата, тайата, Мунаркүл эне, чоң эне, тайэне, тайжеңе. Кичүүлөр жөнүндө: Урмат иним, же уком, Алтынай карындашым, же Уулкан апам. Уулбек тайакем өндүү айтылат.

Бейтааныш балдар-кыздарга кайрылууда: «Сиз» деш сыпаакерчилик кылат. Кыргызда «Сиз» деш сылык сөз. «Сен» деген сенек сөз дейт. Жашамак тарткандар, кары-карыялар бири-бирине «Сиз» деп айтуу сыпайыкерчилик болот.

Бала өзүнүн энчилүү аты жөнүндө түшүнүк алуусу. Ооба, бала: «Эмне үчүн менин атым мындай коюлган, ким койду экен? Чоң атамбы, тайатамбы, чоң энемби, тайэнемби?» - деп кыялданат. Ар кимдер муну билип-туюп коюулары тийиш.

Мисалы, Аалы аттуу баладан: «Атыңды ким койгон?» - десек, ал: «Тайакем коюптур» - деши ыктымал. А, мүмкүн, балага ата-энеси айтып жүргөндүр: «Ушундай сүйүктүү адамдардан болсун, таланттуу болсун, атагы чыксын, ошол үчүн ушул атты койдук» - деп.

«Аалы» араб тилинде «жогору», «улуу» дегендик. Ат коюудагы тилек каалоо, так ушундай максатты аркалайт. Демек, Аалы Токомбаев - атактуу адамдардын бири.

Акын, Социалисттик Эмгектин баатыры. Азыр анын айкели ордо калаада Опера жана балет театырынын маңдайында турат. Аты уйкаш адамы жөнүндө бала мына ушундай түшүнүккө эгедер болот.

«Бүбүсайра», Бүбү - көзу ачык, эмчи, Саара - тазалык, булар - кыргыз, иран сөздөрүнөн алынган. Алсак, мисалы, бир кыздын аты Бусайра, аны чоң энеси коюптур. А, мүмкүн, Бүбүсайранын табигый талантына, татынакай өңүнө карата так ошондой ат коюлгандыр, же тим эле ошондой аттуу бирдемелерине окшоштуруп атаган чыгаар.

Уйкаш аттар дегенде баланын эсинде Бүбүсайра-атактуу бийчи, кыргыз элинин жылдызы тартылып турат. Албетте, ысымы уйкаш кыз муну билип коюп, андай сыпаттуу адамдын элесин урматтап жүрүш, ошондой болуш ушул чактан башталат.

Класс ичиндеги адеп. Мектептин босогосун жаңы аттаган окуучулар, абалы өзүнүн жоро-жолдоштору менен учурашат. Бири бирине кол беришет. 1-сабакка даярдык көрө баштайт. Дептер-китептерин парта үстүнө алып коет.

Эшиктен мугалим кирет. Алар жапырт бир мезгилде турушат: «Эсенсизби, саламатсызбы, агай, эжей!, же «Атсалоом алейкум, агай». Албетте, абалы окуучулар учурашабы? Же мугалим учурашабы? Аны бир пикирге келтирүү педагогиканын милдети болуп саналат.

Мисалы: «Эсен-амансыңарбы, окуучулар», «Саламатсыңарбы, окуучулар, же балдар, кыздар» - десе, анда окуучулар «Саламатпыз, агай, эжей!» - деши да ыктымал.

Мындайда окуучулардын мугалимге жапырт туруп ыңгайы, агайы-эжейи менен учурашуусу деп билебиз. Окуучуларды «Отургула!» - деп айтышы - мугалимдин учурашуусуна барабар.

Класста окуучулар түз, адептүү олтурат. Эки жакты карабайт. Бирөөлөр менен күбүр-шыбыр, алагды болбойт. Баардык эс-дарт мугалимге, ошол сабакка бурулат. Биринин окуусуна бири тентек кылып, тоскоол кылбайт.

Эркек балдар кыз балдарды сыйлайт. Алардын сабак жана тартип-тазалык боюнча өтүнүчтөрүн, жардамдарын колдоого алып турат.

Үй-бүлөдөгү ич ара жардамдар. Мында бала үчүн ата-эненин айтканы - эм. Алар баланын алына жараша жумшоого, жеңил жумуштарды аткарууга көнүктүрөт. 7-8 жаштагы бала мал тосот. Атка мингизип койсо, алыс-жакындагы жерге барат. Бирөөлөрдү чакырып, бирдемелерди байлап келүүгө жарайт.

Музоо, козу-улак кайтарат. Коён, тоок, каз, өрдөк, күрп, көгүчкөн өңдүү үй канатууларына жем, чөп, суу берет. Бөбөктөрүн сооротот, аларды ойнотот. «Музоочулук мундурбайт» - деп, ага ата-энелери ыраазы. «сүйүнчүлөп кел», «Жентекке чакырып кел», «туз, чай сурап кел». Бул кол-арага жароо белгиси.

Тууган-туушкандарына боор тартат, аларга эркелейт. «Бул биздин тууган, буларды жакшы көрүүм тийиш» деген ойдо жүрөт. Бара-бара үйгө адамдар келет, аларга жылуу сезим ыроолойт. Орун бошотот, төргө чыгарат.

Тал-төөндөй болуп, даам ооз тийгизет. «Атамдын досу», «агамдын курдашы», «апамдын сырдашы», «тайатамдын жердеши» өңдүү кыязда жүрөт. Сый конокту сыйлоо керек деген сыпай маанай түзүлөт.

Кичипейил, сылык, сыйда мамиле жасоо так ушул учурда калыптанат. «Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат». Ата-эне, ага-эже, тууган-туушкан дардын насыяттары, турмуштук мамилелери кичинекейлер үчүн нуска болуп келе берет.

Жук жыят, суу алып келет, казан-аякты тейлейт. Бөбөктөрүн багат, мал тосушат, тейлешет, от жагат. Бул да болсо өзүнөн кичүүлөргө улуулук үлгүсүн көрсөтүп, тескеп, оң жолго буруп турат.

Узчулукка багыт алып калат, сайма саюуга жөндөмдөлөт. Көркөм кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн түшүнүп, айрымдарына кол тийгизип калат. Тестиерлер өз себин өзү камдоого башат алат. Көңүлү жетик, колу тетиктенүү мына ушул чактан баамданат.

«Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат» - деп ушул көз кыз үчүн таасирденүүгө өбөлө болот. Ата-эне бир жакка кетсе, үй ичине тээк болот. Алар да бейкапар болушат, «үйдө кызым бар эмеспи» деп ойлошот.

Баланын билимге, илимге жана өнөргө кызыгуусунун башаты. Албетте, милдеттүү күнүмдүк жүрүм-турумда адатка айлануусу, кызыгуусу ушул убакта пайда болот.

Шакирттик сезимдерин ойготуучу башатына, абалы, үй-бүлө таасир этет. Мына ушул чактан баштап мектептеги, эстетикалык борборлордогу ж.б. ийримдерге барууга кичинекейлер умтулат.

Сүрөт тарткысы, бий бийлегиси келет. Фотограф болсом дейт. Көөдөндөгү максат-тилектер бирөөлөр аркылуу тутанышы ыктымал.

Ата-энелер кармаган турмуштук зарыл нерселерге кол тийгизүүгө талаптанат. Эне бирдеме жөрмөп жатса, учугун саптап берет, кошо жүн тытышат. Килем токууга, өрмөк согууга даярдык көрүп жатканда, дүкөн өрмөктү курууда кичинекейлер эриш-аркак жиптерди жүгүрүп күзүктөшөт.

Өзүнчө жөнөкөй саймаларды кармоого алектенет, куурчак жасап ойноо ага башат болот. Атасы уста болсо, эркек балдар көк тилип, өрүм кылууга жардамдашат. Жыгач жонушат, ж.б. ушул сыяктуулар балдардын көркөм дүйнөсүн бурат.

«Учкундан жалын тутанат». Кичинекей чагынан эле улуу таланттардын жетилиши тууралуу тарыхта мисалдар көп. Мугалим ошондой өзүбүздүн ата конуштан чыккан инсандар тууралуу кошумча аңгеме өткөрүүлөрү тийиш.

Мисалы, атактуу Мидин акын 12 жашында борбор шаарыбыздагы педагогикалык техникумга келип окуган. 18 жашында ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Байдылданын «Жаз келди» деген ырын VI класста окуп жүргөндө областык гезиттен окуганбыз. Х класста окуп жатканда акын катары таанылган. «Шумкар» деген ыр китеби окуучулардын колуна тийген.

Бүбүсайра 10 жашында азыркы мыкты бийчи болоору айкындалган. Мугалим мындай мисалдарды башка улуттардан да, чет өлкөлөрдөн да билгендерин айтса болот. Буга байланыштуу мисалдарды окуучуларга мугалимдер көбүрөөк келтирет.

Балдардын окуу куралдарына мамилеси. Мында китеп баштыкка, ар бир сабакка таандык окуу китептери, дептерлери, күндөлүк, көрсөтмө куралдары, калеми, карандашы, өчүргүчү, сызгычы өндүүлөрдү асыроолору кирет. Окуучу ошол класска таандык окуу куралдары менен толук камсыз болуусу зарыл. Бирөөлөргө эч кандай көз артпайт.

Экинчиден, окуу куралдарын таза тутуулары, айрыбоолору, бир демкелерди жазбоолору, жаңыдай болушу шарт.

Үчүнчүдөн, китеп, дептерлерин тыштап туруулары керек. Аны улам жаңыртып, ошол окуу куралдарды кийинки окуучуларга калтырууга далалаттануулары жөндүү.

Төртүнчүдөн, бөбөктөрүнө карматпоо же наристелерди ошол аркылуу сооротпоо, чаң жугузбоо, жерге койбоо, ж.б. этиеттик сапаттарды мугалим ар дайым көзөмөлгө алат.

Туулган күндү белгилөө.Туулган күндү белгилөө кыргызда каада-салт катары болгон эмес. Эркек бала үчүн 3 же 5 жаштарында сүннөткө отургузуу эң чоң той деп эсептелет. 13 жашы - мүчөлүүгө чыккандагысы.

Мына ошондон «мүчөлүүгө келди» кылып, айрым ата-энелер мал союп, айыл-апаларды чакырып, дасторкон жая турган. Мүчөлүү жылында сарамжалдуулар мал мууздап, бата алуу жагдайы болгон.

Эгер эле туулган күндү белгилөө илгертеден келген салт десек, анда үмөтүбүз Мукамбет пайгамбардын туулган күнүн белгилөө жыл сайын өтмөк.

Арийне, бул орус эли аркылуу кыргыз элине терең сиңип кетти. Улуулар муну азыр анча эске албайт. Мунун күйөрмандары жаштар болду. Алар өзүлөрү менен кошо кийин ата-энелеринин туулган күндөрүн, анан 25 жылдыгын «күмүш той», 50 жылдыгын «алтын той» деп, атап өткөрүп жатышат. Мында ага карата белек-бечкектер даярдалууда.

Деген менен:

Биринчиден, туулган кундү белгилөөнүн чордонун аракка айландырууда. Аракка тоюнуп, мас болмоюн ал туулган күн өз максатына жетпөөдө.

Экинчиден, ага алып келген белек-бечкектердин оодук-соодукторунан ич-ара нааразычылыктар күчөөдө.

Үчүнчүдөн, бир үй-бүлөдө, мисалы, он жан болсо, жыл сайын ар биринин туулган күнүн белгилөө, демек, анын кызыкчылыгын жоготууда. Туулган күндү антип өткөрүү «Шылтоого шыктоо» кылып, арак ичүү, тамак ичүү, сокур намысты ойготуу;

Төртүнчүдөн, бардарлар үчүн туулган күн «аш көп болсо, каада көп», колунда жоктор үчүн, улутунуу, социалдык теңсиздик болуп

кала берүүдө.

Макала маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун китебинен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости