www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептерде сабак өткөрө баштаган Өзүбек-ажы Чотонов боюнча Улан Садыков президент С.Н.Жапаровго жана баш прокурор К.Т.Зулушев менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы К.К.Ташиевге, ички иштер министри У. О.Ниязбековго кайрылуу жасады.

Диний миссионер Өзүбек Чотоновдун элди бөлүп-жарып, улуттук ар-намысты кемсинтип, ызы-чуу чыгарган, баарын акча менен чечүүгө ык алган жоругун токтотуу жөнүндө

Кайрылуу

Үч-төрт мектептин мугалимдеринин, директорлорунун башын айландырып алдап, “Жаштар сүйлөсүн” деген көрсөтүүгө тартабыз” деп, окуучуларды бир мектепке чогултуп, диний миссионер Ө. Чотоновдун мыйзамдарга, кыргыз салтына каршы чабуул жасаганы ызы-чуу менен аяктап, ал жоругу мына ушул “Зоболо” көрсөтүүсүндө ашкереленип, анысы Кыргызстанда жашаган, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын көңүлүнүн чордонунда болуп катуу нааразылыкты, эл арасында диний жана руханий маселеде бөлүнүп-жарылуучулукту, карама-каршылыктарды пайда кылды.

Ө. Чотонов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1., 9., 21-беренелерин аттап мамлекеттик мекеме болгон мектептин ички турмушуна  кийгилишип, анысы аз келгенсип, улуттук, диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуп, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттерди ачык жасап жалпыга маалымдоо каражаттарын (“Жаштар сүйлөсүн” телекөрсөтүүсү) пайдаланып, аны интернет тармактарынын жардамы менен жасап, мектеп окуучуларынын, ата-энелердин улуттук ар намысына шек келтирип, диний көз караш менен элди бөлүп-жарып, ынтымагын кетирип козутуп, ызы-чууга батырып, КР КЖКнын 330-статьясын тоотпой мыйзам бузууларга барганын элдин баары көрдү жана катуу нааразылыктар пайда болду.

Мындан да коркунучтуусу окуучуларды атайын өзү менен айтыштыруу аркылуу жаш муундарды динге акча аркылуу кызыктырып, мектеп окуучуларына тескери тарбия берип, сүйүү темасын козгоп, 3 катын менен жашаганын айтып мактанып”, "азыр 3 аялым бар, төртүнчүсүн издеп жатам" ("Зоболодо" турат) дегени Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 176-беренесине шек келтирип мыйзамды тооткон жок.

Радикал-исламчылардан акча алып жан баккан журналисттер жана диний лидерлер Кыргыз Республикасындагы Мыйзамдарды бузбоо керектигин, мамлекеттик мекеме болгон билим берүү тармагына, окуу жайларга ээн-эркин, жөөлөй басып барып даваат кыла берсе, диний багытта көрсөтүүлөргө тарта берсе болбой тургандыгын, элди бөлүп-жарып, ырыс-ынтымагын кетирип, өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө, стабилдүлүгүнө доо кетире тургандыгын жон терилери менен туюп, сезүүгө тийиш!

Элдин тынчтыгы, ырыс-ынтымагы, өлкөнүн эгемендиги, өнүгүп-өсүшүшүнө салым кошуу – атеистпи, динчилби же башка көз караштагы жаранбы (?) баарыбыздын негизги ой-максатыбыз болууга тийиш!

Себеби, Кыргызстан биздин үйүбүз, андан башка мекенибиз-үйүбүз жок, ошондуктан аны-үйдү динди жамынып талкалоого эч ким –динине, тилине, улутуна, жынысына, кызмат абалына, социалдык абалына карабай бардыгы тең эч кимге жол бербөөгө милдеттүү!

Сиздерден,

1. "Зоболо" көрсөтүүсүндө баяндалган Ө. Чотоновдун КР Конституциясынын 1.,9., 21- беренелерине каршы иш кылып, мамлекеттик мекеме болгон билим берүү тармагына диний маселе боюнча кийлишкендиги үчүн жооперчилигин кароо боюнча Укук коргоо кызматкерлерине тапшырма берүүңүздөрдү;

2. Улуттук, диний  аралык кастыкты (араздашууну) козутуп, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттерди ачык жасап, жалпыга маалымдоо каражаттарын ("Жаштар сүйлөсүн" телекөрсөтүүсү)  пайдаланып, аны интернет тармактарынын жардамы менен жасап, мектеп окуучуларынын, ата-энелердин улуттук ар намысына шек келтирип, диний көз караш менен элди бөлүп-жарып, ынтымагын кетирип козутуп, ызы-чууга батырып, КР КЖКнын 330-статьясын тоотпой мыйзам бузууларга баргандыгы үчүн жоопкерчилигин кароо боюнча укук коргоо кызматкерлерине тапшырма берүүңүздөрдү;

3. Ө. Чотоновдун "Зоболо" берүүсүндө далилденгендей окуучуларды атайын өзү менен айтыштыруу аркылуу жаш муундарды динге акча аркылуу кызыктырып, мектеп окуучуларына тескери тарбия берип, сүйүү темасын козгоп, 3 катын менен жашаганын айтып мактанып", "азыр 3 аялым бар, төртүнчүсүн издеп жатам" деп, КР КЖКнын 176-беренесине шек келтиргендиги үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилигин кароо жөнүндө укук коргоо кызматкерлерине тапшырма берүүңүздөрдү;

4. Эгерде Ө. Чотонов КР КЖК 200-беренесин тоотпой Мыйзамсыз диний топту уюштурса, ал аракети диний окууларды жайылтуу жана диний каадаларды аткаруу менен коштолсо анын бул ишмердүүлугү жогоруда айтылгандай жарандардын укуктарына олуттуу залал келтирүү менен мектептерге барып бул топко балдарды тартуу аракети менен коштолсо анда бул маселе боюнча укук коргоо кызматкерлери аркылуу анык-даанасын иликтетип, аныкталса мыйзам чегинде чара көрүүңүздөрдү;

5. Жогорудагы маселелер боюнча өлкөнүн элинин жаш муундарынын келечегине күйүп-бышкан, мыйзамдуу мамлекет катары жашоону тилек кылып, "Зоболо" Медиа аркылуу жалпы элди бүлүнтүүчү, мыйзамдарга каршы келүүчү диний-радикалдык багыттагы Ө. Чотоновдун кылык-жоругун ашкерлеген "Зоболо" Медиасынын журналистерин жана бул маселе боюнча элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн үн кошкондорду Ө. Чотоновдун тапшырмасы менен укук коргоо органдарына жалаа жаап доо кылган жалданма арызчыларынан жана анын ар кандай провокациялык, зордук-зомбулукчул акчага таянган өкүмчүл жоруктарынан коргоого алууңуздарды өтүнөбүз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости