www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жолугушууларынын биринде «мектеп окуучулары Жогорку Кеңешке «зыяратка» келген экен», деген сөздү жазып чыкты.  

Депутаттын сөзүн толугу менен беребиз:

Азаматсың, Айымбүбү. АКШга кетпей, Сингапурда иштөө сунушунан баш тартып, анын ордуна кыргыз айылында балдарга тил үйрөтүп, англисче түш жорутуп коюптур бул кыз. Өлкөгө пайда келтирет деген ушул. Бүгүн шакирт жөжөлөрүн ээрчитип. Көлдүн Григорьевка, Темировка, Кашат, Кожояр айылдарынан топтолгон мектеп окуучулары сөз арасында бизге англисче собол узатты. Суудай билишет экен. Сыймыктандым, ичим жылыды. Кылса, иштесе болот экен го…

Депутаттын сөзүн кандай түшүнсөк болот?

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп келген Нуржигит Кадырбеков буга чейин да диний иш-чараларды өткөрүп, сабактары өтүп келнени маалым.

Депутаттык мандатты алаар замат эле, Кадырбеков ооруканаларды мамлекеттик тилде «оорукана» эмес, «шыпаакана» деп атоону сунуштаган.

Эске салсак, буга чейин Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости