www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Тактап айтканда, бүгүн, 17-майда КРнын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов менен жолукту.

Алар чогуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

«Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды», - деп билдирди УКМК.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости