www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечен Рамзан Кадыров Жуковдун ордун алгысы келет

Улуу Ата-Мекендин согушта СССР Берлинди алып, рейхстаггга туу сайган соң, Советтер Союзунун төрт жолку баатыры, маршал Константин Жуков:  «Согушту токтотпой Батышты бүт былчыйта тебелеп багындырыш керек» -деп жулунган экен. Сталин аны араң тыйыптыр, болбосо Жуков танканы Батышка буруп 1 айда бүт Европаны басып алмак экен. Эгер андай болсо азыр тарых башкача түзүлмөк. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусия менен Украинанын Түркиядагы сүйлөшүүсү сезилээрлик жыйынтык бербейт, орус тарап атайын операцияны - бандерачылар менен улутчулдарды жок кылууну көздөп баштаган, ал ишти аяктоо керек деп эсептейт. Анын оюу да балким Батышты баш ийдирүү болуш керек. Бирок, Батышты НАТО колдоп туруп эгерде танканы Батышты көздөй бурса үчүнчү дүұйнөлүк согуш чыгып, аягы ядролук куралдар ишке кириши толук мүмкүн.

Украина Орусиянын кол салуусунан дээрлик 565 миллиард доллар чыгымга учурады. Бул сумманын 119 миллиарды — инфраструктурадагы жоготуу; 112 миллиард — 2022-жылдагы ички дүң өнүмдүн кыскарышы; 90,5 миллиард — карапайым калктын жоготуулары; 80 миллиард —ишкана-уюмдардын жоготуулары; 54 миллиард — украин экономикасындагы түз инвестициялардын жоготуулары; 48 миллиард — мамлекеттик бюджеттин жоготуулары. Согуштук аракеттерден улам транспорттук инфраструктурага, жарандардын жана уюмдардын мүлкүнө олуттуу зыян келтирилгенин белгилеген. Өткөн айда 8 миң чакырым жол, ондогон вокзал жана темир жол станциялары, порттор менен аэропорттор талкаланган жана жок кылынган. Украинанын маалыматына караганда, украиналыктар 10 млн чарчы метр турак жайдан, 200 миң автоунаадан ажыраган. Дагы 5 млн киши азык-түлүксүз калган.

Күн сайын бул цифралар өсүп жатат. Ошондуктан Украина Орусиядан чыгымдарды кайтарып берүүнү талап кылууда. Буга соттук чечимдер жана Орусия Федерациясынын тоңдурулган активдерин Украинага өткөрүп берүү менен жетүүгө болот дешет Украина бийлиги.

Бир айдан ашык убакыт аралыгында Орусия Украинанын бир катар ири шаарларын, анын ичинде Мариуполь менен Харьковду толук бомбалады жана өлкөнүн инфрастуруктарсын бузду. Евробиримдик Украинанын чыгымдарын компенсациялоо үчүн атайын механизмди түзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Bloomberg билдиргендей, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн тоңдурулган орус активдери колдонулушу мүмкүн.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын алтын резервинин жарымын – 300 миллиард АКШ долларын тоңдурган. Орусиялык компанияларга, аткаминерлерге, ишкерлерге жана банкирлерге санкциялар салынган. Италия орус олгиархтарына таандык 800 миллион еврону, Нидерландынын Борбордук банкы 200 миллион евро, Франция Орусия Банкынын 22 миллиард доллар евросун тоңдурган.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинада белгиленген жерлерди алганга чейин «аскердик операциялар» уланаарын айтты. Министрликте өткөн жыйында Шойгу менен бирге жогорку мартабалуу командирлер Украинадагы согуш тууралуу маалымат берди. Орус армиясынын Украинадагы «аскердик операциясынын» биринчи этабы жалпысынан аяктаганын белгилеген Шойгу Украина куралдуу күчтөрүнүн жөндөмү абдан азайганын билдирди. Шойгу: «Бул абал негизги максатыбыз болгон Донбассты бошотууга көңүл буруу үчүн мүмкүнчүлүк түзөт»,- деди.

Орус армиясынын Украинада абадан үстөмдүк кылгандыгын айткан Шойгу Украинанын аба күчтөрү жана абадан коргонуу системасы жок кылынган, бүгүнкү күнгө карата 152 учактан 123ү, 149 тик учманын 77си жана 180 абадан коргонуу ракеталык комплексинин 152си жок кылынган. Украинанын деңиз күчтөрү, кургактык жана абадан сокку уруу күчтөрүнүн бардык түзүмдөрүндө олуттуу жоготуулар болгон. Орус армиясынын Украинада белгиленген буталарга жеткенге чейин «аскердик операция» токтобой тургандыгын белгилеген Шойгу орус аскерлеринин активдүү түрдө Луганск жана Донецк калкына жардам бергендигин да айтты.

Украинага учак жана абадан коргонуу системаларынын жөнөтүлүшүнө байланыштуу НАТО лидерлеринин билдирүүлөрүн кылдаттык менен иликтегенин баса белгилеген Шойгу: «Бул пландар ишке аша турган болсо, аларга да ылайыктуу жооп берилет»,- деди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 24-февралдан 30-мартка чейин Украинадагы орус аскерлеринин жаңы жоготуулары боюнча маалымат жарыялады. Штабдын маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын армиясы 24.02 — 30.03 аралыгындагы болжолдуу жоготуусу:

- өздүк курам —17 200гө жакын адам,

- танктар — 597 даана,

- бронетехника — 1710 даана,

- артиллериялык системалар — 303,

- жапырт аткылоочу реактивдүү система (ЖАРС) — 96,

- абадан коргонуу системалары — 54,

- учак — 127,

- тик учактар — 129,

- автомобиль техникасы — 1178,

- жеңил ылдамдыктагы кайыктар — 7,

- күйүүчү май бактары — 73,

- оперативдүү-тактикалык деңгээлдеги учкучсуз учуучу аппараттар — 71,

- атайын техника — 21.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости