www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматкерлери 20 тонна сабиздин контрабандасын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда И.М.С. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы Volvo АР-12 үлгүсүндөгү унаа Krone үлгүсүндөгү жарым чиркегичи менен токтотулган.

Унааны кароодо жалпы салмагы 20 200 кг, товар коштоочу документтери жок сабиз табылган.

Кармалган товардын орточо базар наркы 505 миң сомду түзөт.

Факт КБР АМС МЭЖге катталып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости