www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарында катуу шамал аба майдандагы ири учакты ордунан жылдырып кеткенин Sputnik Казакстан жазды.

Окуяга күбө болгондор аны социалдык тармакка жүктөшкөн.

Аэропорттун маалымат кызматы жогорудагыдай окуя болгондугун тастыктап, эч ким жабыркабагандыгын билдирди. Аба кемесинин эч жерине зыян келген эмес. Аэропорт кадимки калыбында иштеп жаткандыгын айтышты.

"Boeing-737 учагы Алматыдагы аба майданда токтоп турган. Техникалык талаптар боюнча дөңгөлөктөрүнүн алдына токтотуучу тетиктер коюлган. Күчтүү шамал аба кемесин жылдырып кеткен. Бортто ал учурда жүргүнчүлөр болгон эмес. Зыян келген жок", — деп түшүндүрүшкөн аба кемеси тиешелүү болгон авиакомпания.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости