www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин өлкөнүн бардык аймагын бошоткондон кийин Орусиянын курамына кирүү маселесин карай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, февраль айынын орто ченинде Донбасстагы Донецк жана Луганск республикаларынын жетекчилери Орусиядан алардын көз карандысыздыгын таанууну суранган. Президент Владимир Путин 21-февралда аларды таануу жарлыгына кол койгон.

Андан үч күндөн кийин Орусия Украинага аскердик операциясын баштаган. Путин анын максатын «киевдик режимден улам сегиз жылдан бери мазактоого, геноцидге кабылган адамдарды коргоо» деп атаган. Ал үчүн Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо жүргүзүүнү пландаганын айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости