www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечендерге тең келчү кимиң барсың?

Мынчалык болду, дагы бир арманды айта кетейин... Мындан 4 жыл алдын Украинанын Хмельницкий областында (Волочиский район, поселок Войтовцы) жашаган Владимир аттуу бир карапайым момун адам Улуу Ата Мекендик согуш учурунда каза болгон болгон кыргыздын сөөгүн таап алгандыгын кыргыздын "24.kg" маалымат агенттигине билдирип, телефон номеринен бери калтырган эле.

Владимирдин айтуусуна караганда, сөөктү кокусунан таап алган. Илгерки тыйын-тыпырларды издемей, топтомой өнөрү бар экен. Ошол максатта жер чукулап атса колундагы инструмент чырылдап белги берет. Владимир сүйүнгөнүнөн тереңдеп казып кирсе, алгач темир кесе менен каска чыгыптыр. Аларда "Миша" деген жазуу бар экен. Эң кызыгы, андан ары казганда табылган октун (гильза) ичине катылган кагазда: «Кир. ССР, призван из военкомата Токтогул. Джалал-Абадская область, к/з Орнок», - деген жазуу бар экен. Владимирдин билдиргени боюнча, жоокердин аты "М" тамгасы менен башталат. Бирок толугу менен түшүнүп окуй албай коюптур. Фамилиясы - Станкулов экен. Кыргызча аты "М..." дан башталса, ошол учурдагы шарт-жагдайга карап башка улуттагы жолдоштору "Миша" деп алышкандыр...

Эмнеси болсо да сөөктүн жанынан табылган жазуулар маркумдун өздүгүн так, даана көрсөтүп турат. Болгону архивдерден "Өрнөктүк" М... Станкуловдун согушка качан чакырылып, кайсы фронтко жиберилгендигин тактап, анан жакын тууган-уруктарын аныктап койсо болот.

Украиналык Владимир 70 жылдан ашык жаткан М. Станкуловдун сөөгүн терип чогултуп, табылган жерден (басынды жер окшойт го чамасы) 500 метрдей ары жайгашкан коргонго кайрадан жашыргандыгын айтып келип: "Силердин жердешиңер биздин жерде баарыбыз үчүн, биздин жаркын жашообуз үчүн каза болду! Эгер тууган-уруктары табылып, келип калса сөөк коюлган жерди көрсөтүп берүүгө дилгирмин. Байланыш телефонум: -380962803471" деп билдирүүсүн аяктаган.

Бул кабарды ошол 2016-жылы эле коомчулукка көтөрүп чыкканбыз. Тилекке каршы, Рамзан Кадыровдой болуп эч ким кызыкпады (Биз билгенден, М... Станкуловдун жакындарын аныктаган да. Украинага барып сөөгүн алып келген да эч ким болгон жок)! Владимирдин телефону, дареги турат! Кыргызстандын Украинадагы элчилиги турат (Элчиликтин так санын билбейм, элдин эсебинен жашаганы анык)!.. Арман эмей эмине...

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович, быйыл бүткүл дүйнө коомчулугу Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын салтанат менен эскерип жатпайбы!? Мүмкүн Сиз да Кадыровчосунан жанындагыларга тапшырма берип көрөөрсүз...

Анан, колунда мүмкүнчүлүгү жана шарты барларга айтаарым (алдыдагы шайлоону утурлай ар кандай амал-айла издеп жаткандарга), депутаттыктан да ыйык милдет, иш турат. Кана кимиңер Делимхановчосунан даай аласыңар!?

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости