www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грозныйда жаңы мечиттин курулушуна капсула салынды. Ага Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу Медуза Грозный мамлекеттик телерадиокомпаниясына шилтеме берүү менен билдирди.

Билдирүүдө Рамзан Кадыровдун "катуу каршылыгына" карабастан, мындай чечимди жалпы коомчулук, диний лидерлер жана президенттин тарапкерлери кабыл алышканы айтылат.

"Бизде демократиялык коом бар, республиканын элинин эрки жана каалоосу биздин приоритетибиз" деди Чеченстан пресс министри Ахмед Дудаев 11-январда РИА Новостиге.

Мечит эки миң кишиге ылайыкташтырылган. Курулуш качан бүтөөрү тууралуу маалымат берилген жок. Рамзан Кадыровдун маркум атасы Ахмат Кадыровдун ысымын алып жүргөн Чеченстандын чок ортосундагы ири мечиттердин бирин куруу эки жарым жылга созулган.

Маалымат үчүн айта кетсек, Чеченстанда 1200дөн ашуун мечит бар. 2020-жылы өлкөдө 32 мечит курулуп, 70ке жакын мечиттин курулушу жүрүп жатат.

Последние новости