www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечнянын парламентинин спикери Магомед Даудов президент Рамзан Кадыровдун ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спикер, коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жетекчиси Магомед Даудов Инстаграм баракчасында түз эфирге чыгып, ушактар жүрүп жатканын айтты.

"Ар кандай ушактар айтылып жатат. Мен биздин президент Рамзан Кадыров оорубагандыгын маалымдайм жана ал тууралуу айтылып жаткан кептер - баары жалгандыгын билдирем. Эл бул кептерге ишенип, кабатыр болуп жаткандыгын билем. Сиздерди тынчтандырып кетейин, президентте баары жакшы", - деген.

Эске сала кетсек, 21-май күнү орус басылмалары өздүк булактарына таянып, Рамзан Кадыровдун абалы начарлап, Москвага алып келингени жана ал коронавирус шектелип жаткандыгы тууралуу жазып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости