www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чээнден чыккан...

Коомдук активист Мааданбек Таалайбек уулу Фейсбуктагы өздүк баракчасына Жогорку Кеңештин "КСДП" партиясынын депутаты Искендер Матраимов жана Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" партиясынын депутаты Урмат Самаевдердин карапайым, жалгыз бой энелерге жардам бергендери тууралуу өзүнүн калыс пикирин жазып чыкты. 

"Жаныбарлардын ичинен, аюу кыш бою таманынын майын соруп, кыш бүткөн соң кийинки ар жылдагы кышка дайындык көрүү үчүн, сыртка чыгат эмеспи... Ал эми биздикилер 5жылдан кийин чыгып, өздөрү айткан сөздөрүн 5жыл уктап жатып унутуп калышабы? Айтоор... 5жыл мурунку айтканын, көзү башын ача калып, баягысын кайталайт:
- Уккула, бизде жакшы идея бар, ишке ашыруу менен жаркын келечекке кенен жол ачабыз, андай-мындай деп, уйкулуу көздөрү менен 5жыл мурунку убадасын тыңкылыктуу жеткирипда бере албайт! Бурчтан чыга калган экинчиси,
-Коёндор айтса, айткан боюнча калат! Мына-мына мен, секирикти кенен таштап, алдыга гана умтулуп, баардыгыңардын акыңарды кайтарып, келечек үчүн иштейм-деп төш кагатта кирип алып, түлкү түзүп берген сценарийди жаттап отурат....

5жыл көрө элек белеңер? Буюрса чээнден алды чыга башташты) Мурун көйгөйүңөрдү айтып, күн,ай,жыл сайын келип жолугайын дегенде жок беле? Уйкуда болчуда) Убара болбой, жата бергиле эми өздөрү үйүңөргө издеп барат). Энергиясы 5жылкы уйкудан толуп-ташып тургандарга 1саат сүйлөсө алданып калбагыла) Алдап кетсе, уктайт болду! Дагы 5жылкы уйкудан кийин көрөсүңөр.

Айтайын дегеним...
Микрафон такагандан сырткары жумуш-жумушу менен.
Жеке адамдык мамиле,урмат-сый, алыш-бериш, баардыгыбызда бар.
Сүрөттөгү эки депутат жөнүндө кичине айтып өтөйүн...
Булар элдин астында сүйлөгөндү дагы, эл жокто кылганды дагы жакшы билет.
Искендер Матраимовго 4 жалгыз бой эне жөнүндө маалымат айттым.
Жалгыз бой эне квартирада жашап, балдарынын жүгүн көтөрүп, күндүз базарда, түндөсү Мекемелерди тазалап-жууп иштеп, арасында оорукчан баласы барларыда болду... (Ал энелердин көргөн күнүн, бул жактан жеткирип бере албайм, баарыбызга түшүнүктүү болсо керек)
Искендер Матраимов, мен берген маалымат боюнча таанышып чыгып,
Эненин күчтүүлүгүнө, жана балдарынын келечеги үчүн кам көрүп жатканын баалап, ар биринин 1жылдык квартирасын алдын ала төлөп берип, продукты, кийим- кечек менен камсыз кылган эле.
Шайлоого жакын деп чыкпагыла анан, бул иш туура 7ай мурун болгон...
Ал эми Урмат Самаев дагы, 2жалгыз бой эне жөнүндө айтканымда.. Өз жардамын берип, биринин бир жылдык квартирасын төлөп, экинчисине акчалай жана тамак-аш, жана кийим менен камсыздап берди..
Бул бир ай мурун болгон окуя.

Кээ бир депутаттардай болуп, пиар үчүн кылбаганын сезип дагы, күбөө дагы болдум.
Себеби: Көпчүлүгү чөнтөгүнөн чыга турган иш болуп калса, ойлонойун дейт дагы, ошо бойдон кимди-ким көрдү болот)
Жакшылыкты жашырбай, айта жүргөн жакшы деп ойлойм..."-дейт коомдук ишмер Мааданбек Таалайбек уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости