www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистандын вице-президенти Амрулла Салехтин күчтөрү буга чейин «Талибан» басып кирген Кабул шаарынын түндүгүндө жайгашкан Чарикар районун кайра ээледи. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы Кабул шаарындагы булагына шилтеме берүү менен билдирди.

«Учурда Панджшер провинциясында согуш жүрүп жатат», - деди «РИА Новостинин» булагы.

Ал жерге генерал Абдул-Рашид Дустум башында турган афган армиясынын 10 миң жоокери бара жатат.

Чарикар району аркылуу Мазари-Шариф менен Кабул шаарларын байланыштырган унаа жолу өтөт. Ал жолдо Саланг тоннели жайгашкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Амрулла Салех Афганистанда калганын жана өлкө башчысы Ашраф Гани качып кеткенине байланыштуу, Конституция боюнча, убактылуу мамлекет башчысынын милдетин аткарарын жарыялаган. Ошондой эле калкты «Талибанга» каршы согушууга чакырган.

Эске салсак, бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости