www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет айдыңында Подмосковьеде Ил-112В үлгүсүндөгү аскердик учактын кулаган видеосу пайда болгонун РИА Новости жазды.

Кадрдан көрүнүп тургандай, алгач аба кемесинин кыймылдаткычынан өрт чыккан. Андан соң учак ылдыйлай баштаган. Кийинчерээк аскер учагы токойго кулап, жарылган. Кырсык Никольское калк жашаган пунктунда машыгуу учурунда болгон. Себебин атайын комиссия аныктап жатканы айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто экипаждын үч мүчөсү болгон. Бири да аман калган эмес. Алардын командири Россиянын баатыры, эмгек сиңирген учкуч Николай Куимов экени белгилүү болду.

Ил-112В — Воронеж авиациялык заводунда чыгарылып жаткан жеңил учак. Ал аскер кызматкерлерин, курал-жарак, жеңил техниканы ташууга ылайыкташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости