www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Праганын "Trınıty" банкынын башкы экономисти Лукаш Кованда жазган макаласында - эгер Европа Биримдиги (ЕБ) мунай жана газдан баш тартса, Орусияга келтириле турган зыянды баалады. Бул туралуу Лента.ру маалымат агенттиги жазып чыккан. Эксперт: "Эмбарго киргизилип, энергетикалык ресурстарды Европага жеткирүү азайса, орус тарабына бир аз гана таасир тийет".

"Өлкө, 2021-жылдагыдай эле, болжол менен 200 миллиард доллар өлчөмүндөгү импорттун эсебинен бюджеттин профицитине жетишет. Москва быйыл мунай баасынын жогорулашынан жана тынымсыз кымбаттаган газдан пайда көрүп жатат", -деп билдирди адис. "Европа Биримдигинин орус газынан баш тартуусунун бирден-бир натыйжасы Германия менен Чехияны рецессияга батырат, бирок Орусия көп деле жапа чекпейт", - деп жыйынтыктады Кованда.

Буга чейин Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер Орусиянын энергетикалык ресурстарына эмбарго киргизүүгө каршы пикирин билдирген. Ири немис энергетикалык концернинин башкы директору Леонард Бирнбаум да орус газына эмбаргого каршы чыккан, анткени бул Германия үчүн гана эмес, бүткүл Евробиримдик үчүн терс кесепеттерге алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости