www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия британ кеңешчилерин чабуул менен коркутту

Орусиянын Коргоо министрлиги “эгер Лондондун чагымынын жыйынтыгында Украина Орусиянын аймагына сокку ура турган болсо, Москва британиялык “Киевдеги чечим кабыл алуу борборуна” чабуул жасай турганын” билдирди.  

Мунун алдында Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппи Укрананын батыш куралынын жардамы менен Орусиянын аскердик объектилерин аткылоо ыктымалдуулугу “мыйзамдуу” экенин айткан.

Хиппинин айтымында, чабуул бутасын курал өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр эмес, украиндер өздөрү тандайт.

Орусия Коргоо министрлиги бул билдирүүнү чагым деп атап, Киев мындай кадамга барса, жооп кайтарыла турганын эскертти.

"Орусиянын куралдуу күчтөрү Киевдеги тиешелүү чечим кабыл алуу борборлорун аткылоого жарай турган узак аралыкка арналган куралды колдонууга даяр", - деп жооп берди министрлик.

Москва Киевдеги “чечим кабыл алуу борборлорун” аткылоо мүмкүндүгүн буга чейин да эскерткен. Мындай борборлордо чет өлкөлүк кеңешчилер бар-жогу беймаалым.

АКШ, Улуу Британия, Польша, Германия жана башка өлкөлөр Украинага курал-жарак жеткирүүдө. Украина президенти Владимир Зеленский мындай жардамдын көлөмүн көбөйтүүнү ырааттуу түрдө сурап келет.

2022-жылы 15-апрелде Орусия АКШга дипломатиялык нота жолдоп, эгер НАТО Украинага курал жеткирүүнү уланта берсе, “кесепеттери күтүүсүз болорун” эскерткен. Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова мындай нота “бардык өлкөлөргө, анын ичинде АКШга да” жөнөтүлгөнүн тастыктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости