www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара ачык. Кимдер өтө алат?

Буга чейин казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутумунун иштебегендигинен улам "Кең-Булуң", "Токмок" өткөрүү пунктулары жабылган болчу.
2022-жылдын 7-январынан тарта адамдардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү убактылуу токтотулган. Андан кийин, Чүй облусунда жайгашкан “Ак жол”, “Ак тилек” жана “Каркыра” бекеттери жабылган.

“COVID-19 менен байланышкан чектөөлөрдү эске алуу менен “Чалдыбар” (Чүй облусу) жана “Чоң-Капка” (Талас облусу) пунктулары штаттык режимде ишин улантууда”, — деп билдирди чек ара кызматы.

Кыргызстандагы казакстандыктар Казакстанга "Ак жол" (КР) - "Кордай" (РК), "Ак тилек" (КР) - "Карасу" (РК) жана "Каркыра" (КР) - "Кеген" (РК) өткөрүү пунктулары аркылуу кете алышат;

Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандыктар мекенине Чүй облусундагы “Чалдыбар” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” өткөрүү пунктулары аркылуу гана өтө алышат.

Чек ара кызматы кошумчалагандай, Казакстан менен чектеш өткөрүү пунктуларында адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости