www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улам эле "кыргыздар аскерин жиберсе карапайым казакты атат. Кийин казактар бизге душман болот" - деп жаза бербегилечи! Мындай пикирди журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты,

"Казакка күйүмүш болгон кыргыздын душмандарына кайрылуу. Улам эле "кыргыздар аскерин жиберсе карапайым казакты атат. Кийин казактар бизге душман болот" - деп жаза бербегилечи!

Казактар унчукпай турса деле силер улам пост жазып, алардын эсине салып, кайра кайраштырып жатасыңар. Көчөгө чейин чыгып алыпсыңар! 

Андан көрө "улуу ачкачылыкта жардам бергенбиз, азыр коронавирустун жаңы штаммы тарап жатканына карабай казактарды ПЦРсиз кабыл алып жатабыз. Бул биздин туугандык парзыбыз, бир боордук сезимибиз" - деп жазгыла көп-көп. 

Керек болсо туугандардын эсине салгыла, бизде тополоң болгондо табалап, чек арасын жаап алышчу. Тууган андай кылбайт, бир боор эл деген биздей кол сунат. Сураныч, ойлонуп анан пост жазгылачы, оозуңарга келгенди жаза бербей, кичине ойлонуп, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын дагы эске алып койсоңор! 

Ал эми аскер барарын же барбашын 28-ноябрда өзүңөр шайлаган депутатыңар чечет. Кимге добуш берсеңер ошону акмалап тургула 
Сураныч, бөлүшүп койгулачы", - деп кайрылды ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости