www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик: Тик учактан жабыркаган бир адамдын абалы оор

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ошто тик учак кырсыгынан жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге караганда, Ош облустук бириктирилген ооруканасына Тез жардам кызматы менен 14 адам жеткирилген.

"Анын ичинен беш адам күйүк бөлүмүнө жаткырылды. Бирөө травматология, үчөө нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда. Төртөөнүн абалы орточо оор, дагы 4 кишиники канааттандырарлык. Бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Калган беш адам биринчи медициналык жардам алгандан кийин аскердик госпиталга жөнөтүлгөнү айтылды.

Буга чейин УКМК Ош облусунун Алай районунун аймагында аскердик тик учак авариялык кырдаалдан улам конууга аргасыз болгонун кабарлаган. Кийинчерээк Коргоо министрлиги куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылында авариялык абалдан улам конууга аргасыз болуп катуу конгондуктан, тик учактан өрт чыгып кеткени айтылган. 

Булак:  NazarNews.kg  

Последние новости