www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-сентябрь саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын саны 31 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, саат 13:00гө карата ыкчам маалымат боюнча Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу келип түштү.
"Учурда аталган ооруканага ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg