www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникация министрлиги Баткенде кайсы жолдор жабык экенин айтып, кайсы жол аркылуу элди эвакуациялоого болорун тизмектеди.
Жабылган жолдор:
Ош — Баткен — Исфана жолунун 260-чакырымынан 276-чакырымына чейин бөлүгү жабык. Бул жол Көк-Таш, Миң-Булак айылдары аркылуу өтөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик тарап дал ушул жолду көздөй ок чыгарууда;
Ош — Исфана жолунун (272-чакырымы) Орто-Боз айылындагы Төрт-Көчө жолу жабык. Ушул эле жолдун 265-чакырымы да кооптуу болуп турат;
Ош — Исфана жолунун 216,5-чакырымы аркылуу да өткөнгө болбойт;
Баткен — Кызыл-Бел, Баткен — Раут-Каут жолдору чыр-чатактын очогунда болуп, жабылуу коркунучунда.
Ош — Исфана жолунун 211-223-чакырымына чейинки бөлүгү, ушул эле жолдун 265-чакырымы (Кара аймагы) да жабык;
Кызыл-Бел, Баткен — Кара-Бак жолдору да тосулуу;
Лейлек районундагы Кайрагач — Кулунду — Арка жолунун эки тарабы тең, Ош — Исфана жолунун 340-346-чакырымына чейинки бөлүгү аркылуу автоунаалар өтө албай турганы айтылды.
Жергиликтүү элди көчүрүү үчүн Төрт-Көл — Достук, Ак-Сай — Рават, Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай, Көк-Таш — Ак-Терек жолдору ачык.
Учурда тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.
Тажикстандын аткылоосунан 18 кыргызстандык жарадар болгон.
Белгилей кетсек, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.
Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.
Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.
Эске салсак, 14-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу алгач Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатактын очогу Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан соң "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жегени, кийинчерээк 11 жаштагы бала жарадар болгону айтылган.
Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.
Булак: NazarNews.kg