www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-30-апрелде Баткендеги чек ара чырынан каза болуп, жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жалпы 37,5 миллион сомдон ашык каражат төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мекеме бир жолу төлөгөн кенемтенин көлөмү:
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө — бир миллион сомдон;
Жабыркагандарга — 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин;
1-январга карата акчалай кенемте 137 жаранга берилген. Анын жалпы суммасы 37 миллион 536,75 миң сом. Анын ичинен:
каза болгондордун үй-бүлөсүнө (31 адам) — 31 миллион 155 миң сом;
жабыркагандарга (106 адам) — 6 миллион 381,75 миң сом берилген.
Эске салсак, 2021-жылы апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, Тажикстан менен чектеш Максат айылынын тургундарынын үйлөрү, унаалары талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Кыргызстандык 36 адам каза болуп, 100дөн ашуун кишижаракат алган.
Булак: NazarNews.kg