www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан Максат айылынын 54 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиев каза тапканы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги Эгембердиевдин өлүмүн 3-майда тастыктады.

Маркумдун иниси Момуналы Эгембердиев журналисттерге маек берген. Анын айтымында, сыртта иш кылып жүргөндө үй жакка ок тийип, үй заматта өрттөнүп кеткен. Эгембердиев үйдө калган байкесин алып чыга албай койгон, ал да өзү чыга алган эмес. Кырдаал турукташкандан кийин үйдө бир кишинин сөөгү табылган.

«Бул биздин үй болчу. Бул жерде мен, авам, энем, инилерим жашайт элек. Ошол күнү энем жээнимдикине кеткен, авам (байкем) ишке кеткен эле. Карындаштарым мектепке кеткен. Окуя авам келгенден кийин 5 мөнөттөн кийин башталды. Мен үйдө элем. Мен үйдүн алдында иш кылып жүргөнүмдө ок атуулар башталган. Мен ары кеткенде авам үйдө калган. Ошол жерден бир адамдын сөөгүн таптык. Сөөктү таанып болбойт», - деди ал.

Азыркы учурда сөөк жерге бериле элек. Анткени соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Апааттан Эгембердиевдердин төрт бөлмөлүү үйү, «Жигули» үлгүсүндөгү машинасы да күйүп кеткен. Андан тышкары үй тиричилигине керектелүүчү буюмдары кыйраган. Ал эми үй жандыктарын жана төрт бөлмөлүү үй салууга сатып алып койгон курулуш материалдарын тоноп кетишкен.

«4 комната үй салам деп курулуш жабдыктарын алып койгон элем. Бул жерге шыйпыр тизип койгом ошолор жок. Сынгандарын таштап кетишкен», — деп билдирди Эгембердиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости