www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карылар үйүнүн жашоочулары Баткенге жардам көрсөтүштү

Бишкектеги карылар үйүнүн кызматкерлери жана камкордукка алынган карылар четте калышкан жок, алар дагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жапа чеккен мекендештерге гуманитардык жардам чогултушту.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, карылар үйүнүн кызматерлери бир күндүк эмгек акыларын которуп, пенсионерлер акча чогултушту. Мындан тышкары, алар жылуу кийимдерди, матрацтарды, тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын чогултушту.

Алар Баткен облусунун эли менен биргеликте экенин айтып, колунан келген жардамдарын көрсөтүүгө даяр болгондорун белгилешти. Курман болгондорго терең кайгырып, жакындарына көңүл айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости