www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шейит кеткен жарандарыбыздын арбактары ыраазы болсун, жарадар болгон, онтоп жаткан балдарыбыз сакайып кетсин десеңер, анда күнөөлүү тарап Таджикстандын Президенти Э.Рахмон сөзсүз жазаланышы керек. Андыктан Садыр Жапаров экс Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековтун үнүн угуп, сунушун кабыл алышы зарыл. Бул тууралуу пикирин белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова билдирди.
--Ош окуясындагы шейит кеткендердин арбагы бүгүнкү күнгө дейри нааразы, ошондуктан УӨ күнөөкөрлөрү азап чегип жатышат, кезек кезеги менен, бул чындыкты да эстен чыгарбаса бийлик төбөлдөрү.
Ал эми, баатыр кыргыз элинин улуттук намысы аягына дейри, тебеленбесин десе, анда С.Жапаров май айында Э. Рахмондун алдына барбасын, сүйлөшпөсүн. Дүйнөлүк сотко берип, канкор Э.Рахмонду жазаласын.
Күнөөсүз, кыйналып жаткан балдарыбздын сүрөттөрүн көрүп койгула... Кантип бейкапар жашай алабыз, эгерде канкор өз жазасын албаса, - дейт саясатчы Жолдошова.
Булак: NazarNews.kg